Дарыгер Мурат Суталиновдун акыбалы канчалык олуттуу экендигин айтып берди
Дарыгер Мурат Суталиновдун акыбалы канчалык олуттуу экендигин айтып берди
5 Бештин айы 201818:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
УКМКнын мурдагы төрагасын кийинки жумада ооруканадан чыгарып, колонияга кайра киргизишет.
20 жылга эркинен ажыратылган УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов Улуттук онкология жана гематология борборунда дарылоо курсунан өтүп жатат. Бул тууралуу УОБ химиотерапия бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдылдаев айтып берди.
Ал Суталиновдун бөйрөгүн 4-стадиядагы рак экендигин эскертти, башкача айтканда бул учурда химиотерапия жардам бербейт.
“Ал таргеттик терапия алып жатат, — деп түшүндүрдү Абдылдаев. — Дарылоо курсу бир айга созулат, андан соң №47 колонияга которушат. Суталиновдун эки жумасы алынган дарылардан эс алууга жумшалат, анан кайрадан онкологияга дарылоокурсу үчүн алынып келинет”.
Оорулууну айыктыруу мүмкүнчүлүгү, албетте аз.
Белгилүү болгондой, УКМКнын мурдагы башчысынын дарылануусу анын туугандарынын эсебинен болуп жатат.
“Дарылар өтө кымбат, алар бизде жок, — деп белгиледи дарыгер. — Туугандары Москвадан сатып келишет. Эгерде италиялык сутентти сатып алышса, анда бир дарылоо курсу 168 миң сомго барабар болот. Ал эми Индияныкы болсо 30 миңден жогору турат”.
Ошону менен бирге Турусбек Абдылбаев көрсөтүлгөн дары-дармектердин терс жактары бар экендигин кошумчалады.
“Биз бир эле убакта анын кызыл өңгөч астмасын, ошондой эле дарылануудан алган терс эффекттерди дарылайбыз, — деп улантты ал. — Артериалык кан басымы көтөрүлүп, мурду канап кетип жатат. Аны 12- 14 бештин айында ооруканадан чыгарабыз”.
Эске салсак, УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов 2010-жылы 7-апрель окуясына байланыштуу камалган.
Ооруканадагы өрт: Эки баланын абалы оор бойдон калууда
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы өрттө жабыркаган бейтаптардын абалы айтылды. Саламаттык сактоо …