• Жекшемби 28 Бирдин айы 2021

Дарыгерлер менен бейтаптар рак менен күрөшүү үчүн бирикти

4 февраля 2021 в 14:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-февралда борбор калаада эл аралык ракка каршы күрөшүү күнүнө карата иш чара өттү. Ага Улуттук онкология борборунан балдар онкологу, врач-радиологдор жана рак илдетине чалдыккан жарандар катышты.

Уюштуруучулардын бири Асель Боогачиева рак илдети менен ооругандарды дарылоо үчүн мамлекет тарабынан мыкты шарт түзүлүп берилиши керектигин баса белгиледи.

Асель Боогачиева

“Кыргызстандын шартында бул оорудан айыгуу аз натыйжа берип жатат. Онкология жана гематология улуттук борбору үчүн жабдууларды сатып алуу жана реконструкциялоо иштерин каржылоо, онкологиялык ооруларды дарылоо, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө дыкат көңүл бурулушу керек. Биз ушул көйгөйлөрдүн айланасында президентке кат жолдодук”,- деди Боогачиева.

Саамалыкта рактын Кыргызстанда тамыр жайышы, аны дарылоодогу көйгөйлөр тууралуу сөз болуп, дарыгерлер менен бейтаптардын ортосунда ачык маек орун алды. Иш чарага аталган илдетти жеңген жарандар дагы чакырылган. Алардын бири 50 жаштагы Дамир Жуманаев коркунучтуу деп эсептелген рак оорусунан айыгууга болот деген пикирде.

Дамир Жуманаев

“Бул сыяктуу иш-чараларды көбүрөөк уюштуруу зарыл деп эсептейт. Борбордо гана эмес, аймактарда дагы. Саамалыкка чакырылганыма абдан кубанычтамын. Өзүм Нарын облусуна караштуу Ат-башы районунун Ак-Муз айылынан болом. 2017- жылы ашказандын залалдуу шишиги боюнча 3-баскычтагы диагноз коюлду. Башында укканыбызда келинчегим коркуп ыйлаган күндөрү болду. Дарыгерлерге эрте кайрылгандыгыма байланыштуу өрчүгөн очогун алдырганга туура келди. Мен жашайм деген ишеним менен илдетти жеңдим. Учурда эки баланын атасымын. Алдыга койгон максаттарым көп. Аталган илдетке кабалыган жарандарга активдүү жашоо образын алып жүрүп, турмуштук сыноолорго туруштук бериши керек деген кеңеш бергим келет. Албетте алеки саатта жашоону түп тамырынан бери өзгөртүү мүмкүн эмес, ошонтсе да, аракет кылуу маанилүү”,-деди Жуманаев.

Белгилей кетсек, эл аралык ракка каршы күрөшүү күнү 4-февралда белгиленет. Анын максаты — рак туурауу азыркы учурдун эң коркунучтуу ооруларынын бири катары маалымат берип, анын алдын алып, аныктап жана дарылоого адамдардын көңүлүн буруу болуп эсептелет. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда рак илдетине кабылган 27 миңдей адам бар.

Количество просмотров: 125