Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.
Жыл сайын июль айынын биринчи жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын медициналык уюмдарынын кызматкерлери медицина кызматкеринин күнүн белгилешет. Республикада ушул кесиптин өкүлдөрү куттуктоолорду үстүбүнап келет.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 187 оорукана уюмдары, биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 46 уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана башка уюмдардын курамына кирген 139 бөлүм элге медициналык жардам көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында 29 жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору иштеп турду.
2018-жылы элди ооруканага жаткыруу аркылуу 187 оорукана уюмдары медициналык дарылоо жардамын көрсөтүштү, алардын ичинен 135 — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасында, 44 -медициналык санитардык бөлүгүндө, ошондой эле 5 — мейманканалар жана ооруканалар бөлүгүндө иш жүргүзүшөт.
2018-жылы 14,1 миң врач дарыгер жана 35,6 миң орто медициналык персонал медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылышты. Республиканын элинин 10 миңине деп алганда 22 врач дарыгер жана 56 орто медициналык персонал туура келди.
2018-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (3,9 миң адам) жана хирургиялык (2,3 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,2 миң), акушер-гинекологдор (1,1 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (800 ашык адам) саналды.