• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Дастан Бекешев: Өлкө «Бакиев мезгилине» кайтып келүү алдында турат

18 Жетинин айы 2020 12:46 Бишкек Govori.TV


Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, 80 депутаттын аркасы менен Кыргызстан артка кетип жатат.

«2010-жылы 7-апрелде авторитардык режимге каршы чыгып, каза болгон 80ден ашуун жарандын өлүмү чийилди. Биз кайрадан авторитаризмге кайтып жатабыз. Президенттин Аппаратында ошол эле Бакиевдин юристтери Конституциянын долбоорун жазып жатышат. Мен Конституциянын жаңы долбооруна каршы үгүт жүргүзө турган топ түзүүнү сунуштап жатам. Мен бардык жигердүү жарандарды азыр биригүүгө чакырам жана конструктивдүү күчтөрдүн башын бириктирүү үчүн бардыгын жасайм»,-деди Бекешев.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда парламенттин расмий сайтына Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан демилгеленген Конституциянын жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча саясатчылар, активисттер каршы пикирлерин айтып баштады.

Количество просмотров: 313