• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дастан ишканасынын жетекчиси кармалды

13 Теке 2018 10:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.07.2018 Govori.TV
«Дастан» ишканасынын жетекчиси Юрий Васильев  кармалды.Васильевге буга чейин «Солнечный берег» пансионатын мыйзамсыз жол менен өздөштүрүп алганына байланыштуу кылмыш иши козголгон.  Бул туурасында маалыматты  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Ал “Күнөстүү жээк” пансионатынын акцияларынын 100 пайызы төмөндөтүлгөн баада сатылып кеткенине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине («Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же таратып жок кылуу») ылайык мурда козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалганы айтылды.
УКМКнын маалыматына караганда, “ТНК Дастан” Ысык-Көлдүн жээгиндеги 11,7 гектар жерде жайгашкан пансионаттын акцияларынын 100 пайызына ээлик кылчу. 2013-жылдын 15-февралында Юрий Васильев пансионатты бир жаранга сатуу тууралуу келишимге кол койгон.
Эскерте кетсек, «Дастан» ишканасынын айланасындагы чыр башталып, азыркы Бишкектин мэри Албек Ибраимовго карата кылмыш иш козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы “ Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин б.а.(«Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу боюнча кылмыш ишин козгоду.
Тергөөнүн материалдарына караганда, 2012-жылдын январь айында “ТНК Дастан” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын башкы директору Асылгүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү тууралуу келишим түзгөн. Ал эми мында ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 доллар суммасында белгиленген.
Ошол эле учурда “Дастан Инжиниринг” мекемеси Украинанын мамлекеттик компаниясы менен да келишим түзүп, ал буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.
Муну менен “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Белгилей кетсек, “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын 30% үлүшү ошол учурда “ТНК Дастан” ААКсына тиешелүү болгон. Учурда аталган факт боюнча тергөө жүрүп жатат
Количество просмотров: 7