• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дастан Жумабеков үчүн «Кыргызстан» партиясы БШКдан эскертүү алды

18 Аяк оона 2020 20:44 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган спикер Дастанбек Жумабековдун Таласта жаңы көз жарган келинге сүйүнчү катары акча бергени үчүн бүгүн, 18-сентябрда БШК жыйын өткөрүп, «Кыргызстан» саясий партиясына эскертүү берди.

Отурумда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду каттоодон алуу, спикер үчүн «Кыргызстан» партиясына эскертүү берүү сыяктуу сунуштар каралып, акыркы сунуш колдоо тапты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду шайлоого катыштырбоону сунуштаган.  Бул сунуш каралып, өтпөй калды. Төраганы талапкер катары каттабай коюу сунушун БШКнын 5 мүчөсү колдоду.

Эске салсак, Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн айткан.

Количество просмотров: 240