• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дастанбек Жумабеков УКМКга суракка чакырылды

1 Кулжа 202111:07 Бишкек Govori.TV

ЖКнын экс-төрагасы Дастанбек Жумабеков УКМКга суракка чакырылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча чакырылган.

Кечээ, 31-майда «Кумтөр» иши боюнча бир нече саясатчылар суракка чакырылып, айрымдары камакка алынды. Тактап айтканда, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча камалды, ошондой эле депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга киргизилди. Ал эми буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев суракка алынган болчу.

Количество просмотров: 1529