• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз аман-эсен чункурда табылганы жөнүндө видео чыкты

10 Баш оона 201819:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.08.2018.Govori.TV.
Дайынсыз жоголгон эки жашар кызды 60 куткаруучу издеп, ата-энеси аман-эсен тапканына сүйүнүп турган чак.

Наристе кече түнү жоголуп, ата-энеси сууга чөгүп кеткен деп издеп жургөн кыз, чункурдан табылды. Ал, бир сутка чункурда жатып, акыры куткарылды. Бул тууралуу жеринен даярдалган видеону ӨКМнин басма сөз кызматы тартуулады.

https://www.facebook.com/mes.gov.kg/videos/542702466158623/

Эскерте кетсек, 10 – август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы “Дача-Лира” тилкесинде А.Н. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.
Издөө иш-чараларына саат 8:30да ӨКМнин Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу,  ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 31 куткаруучу жана ИИМнен 25 кызматкер тартылган.
Жалпы 60 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, куткаруучулар саат 10:20да кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Абалы канааттандыраарлык.
Количество просмотров: 55