• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Деңгээлиңиз жогорулабаптыр». Депутат Төрөбаев Исмаилованын берген жоопторуна купулу толбогонун айтты

28 Тогуздун айы 2020 12:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги каралууда. Депутат Бакыт Төрөбаев талапкер Исмаилованын берген жоопторуна купулу толбогонун билдирди.

«Аида Жекшенбаевна сиздер бара жаткан тармак жөн гана кызмат эмес. Мен министрмин деген максатта кресло ээлесеңиздер жылыш болбойт. Саясат жүргүзүп, интригадан алыс болуу керек. Сиздин жоопторуңузду уктук. Деңгээлиңиз жогорулабаптыр», — деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибинде вице-премьер-министр кызматына Элвира Сурабалдиеванын, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги талкууланууда.

Количество просмотров: 338