Бишкек. 01.03.2018.Govori.TV.
Россиянын президенттигине ат салышып жаткан талапкер Ксения Собчак ЛДПРдин башчысы Владимир Жириновскийге «Россия 1» каналынын түз эфириндеги теледебатта стакандагы сууну анын бетине чачып жиберди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Анда талапкерлердин дебаты учурунда Жириновский :»Базарда жүргөн кыздарды бул жакка алып келбеш керек болчу. Мунун баары булганыч. «Дом-2″ бул бузукулук. Оозун жапсын», — деп айткан.
Ал эми Ксения Собчак «Дом-2″ долбоорунун катышуучулары сизге караганда өзүн жакшы алып жүрөт» деп жооп кайтарып ага карата дагы жаман сөздөрдү айтып баштаганда стакандагы сууну бетине чачып жиберген.