• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Декларация-2021: ЖК төрагасы Шакиевдин кандай мүлкү бар?

3 Үчтүн айы 202310:19 Бишкек Govori.TV

Салык кызматы чиновниктердин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматтар келтирилди.

Ал 2022-жылдын октябрында Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланган, ага чейин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болгон.

Жылдын отчетуна ылайык, Шакиев 140 миң 819 сом киреше тапкан. Анын чыгашасы болгон эмес. Анын менчигинде 354 чарчы метр үй, үч жер тилкеси бар. Кыймылдуу мүлктөн – «Тойота Хайлендер» жеңил унаасы, жылкылар, койлор жана уйлар.

Нурлан Шакиевдин жакындарынын 67 чарчы метрлик батири жана эки унаасы, (Лексус жана БМВ) бар.

Количество просмотров: 373