• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Золотая жизнь» суусундугу сатыктан алунууда

25 Теке 202413:05 Бишкек Govori.TV

Афганстанда жасалган «Золотая жизнь» суусундугу Бишкектеги дүкөндөрдөн да алынууда. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеме текшерүү жүргүзүп дүкөн текчелеринен 7 миң 356 даана суусундукту алган.

Буга чейин мекеме аталган суусундуктун курамында балдардын жүрүм-турумуна жана көңүл буруусуна терс таасир тийгизген азорубин Е 122 боегу бар экенин маалымдап, ага ылайык, Ош мэриясы аталган продукцияны сатыктан алган.

Количество просмотров: 173