Эртең, 13-марттан тарта Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, анын алкагында проспекттин Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Эскерте кетсек, буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында проспекттин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки тилкеси жабылган болчу.