• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Денеси муздай электе байлык талашкан балдардай… Текебаев депутаттарды «чимкирик» болбоого чакырды

4 Жетинин айы 2020 11:30 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев парламенттин жыйынында президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады.

Ал бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды. «Республика-Ата-Журт» фракциясы Талант Мамытовдун талапкерлигин спикерликке көрсөттү.

Жыйында депутат Өмүрбек Текебаев кесиптештеринин тез чечим кабыл алып жатканына нааразы болду.

«Урматтуу депутаттар бир нече телеканалдардан түз эфир кетип жатат. Өзүбүздү өзүбүз сыйлабайлыбы. Төрага кете элек, бирок арызын берди. Али кете элек. Аны кечинде түндөсү эле кетирип, ордуна түндөсү эле башканы коюп, талапкер сунуш кылып жатабыз. Анан «чимкириктен» да төмөн түшүп кетпейли да. Балким башка фракциялардан дагы сунуш болот. Денеси муздай электе байлык талашкан балдардай болуп калды», — деди Текебаев.

Количество просмотров: 231