Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов 1-июнда ата-энелерге иштөө мөөнөтүн кыскартып, балдары менен убакыт өткөрүү үчүн жумуштан уруксат берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, Балдарды коргоо күнүнө карата ата-энелер жумуштан суранып башташат.
«Алар эс алып, балдары менен майрамдай алышы үчүн жумуштан бошотсок. Бул күндү толук эс алуу катары жарыялабасак дагы, кыска жумуш күнүн киргизсек болот», — деди ал.