• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат 3 тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады

22 Бештин айы 202210:46 Бишкек Govori.TV

Эл өкүлү Миргүл Темирбаева бүгүн парламентте кайрылуу жасап, Кыргызтанда кыргыз, орус жана англис тилинде окутууну сунуштады. Темирбаева бул келечек үчүн, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн маанилүү деп эсептеп, предметтерди англис тилинде окутууну бүгүнтөн баштоо керек деди.

“Англис тили — илим-билим, технологиянын тили. Албетте, реформа үчүн каражат талап кылынат. Бирок биз азыр баштай берсек эл аралык коомчулук да кол кабыш кылат. Ага өтүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Бирок биз кадамды бүгүн, ушул жерден баштообуз керек. Эл аралык коомчулуктан келген акча каражатын туура иштетип, билим берүү тармагында реформаларды жасоо мезгили келип жетти. Анын максаты кыргыз орус жана англис тилинде эркин сүйлөөнү калыптандыруу болуп саналат. Англис тили — дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоо тили”,-деп белгиледи депутат Миргүл Темирбаев.

Депутат көтөрүлгөн маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлиги иштеп баштоосу үчүн тапшырма берүү керектигин кошумчалады.

Количество просмотров: 146