• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат А. Мамашова бир түндүк нике легалдашып, сойкулукка жол ачып жатканын айтты

10 Бештин айы 202416:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айсулуу Мамашова акыркы учурларда бир түндүк нике деген түшүнүк пайда болуп жатканын айтып, тынчсыздануусун билдирди.

«Нике окуп берет, түнү менен каалаганын кылат, андан кийин «талак, талак» деп кетип калышат. Бул мыйзамдаштырылган түнкү сойкулук да?!» — деди Мамашова.

Депутаттын суроосуна жооп берген Муфтияттын өкүлү шариатта бир түндүк нике, убактылуу нике деген түшүнүк жок экенин айтып, мындай иш жасалса, арам болорун билдирди.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов мындай фактылар тууралуу ушак түрүндө айтылган сөздөрдөн гана билерин айтты. Депутат буга нааразы болуп, «сизге кандай факты көрсөтүш керек, сизге сойкуну алып келиш керекпи?» деп жооп узатты.

Белгилей кетсек, комитетте “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда талкууланып жатат.

Теги:
Количество просмотров: 328