• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Депутат: «Адамдык сапаты жок» деген наам болсо Рахмонго бермекмин

21 Аяк оона 2022 17:09 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго берилген «Бишкектин ардактуу атуулу» наамын жокко чыгарууну сунуштаган.

Сунуш боюнча эл өкүлү Тазабек Икрамов өз пикирин билдирип, кимдир бирөөгө наам берерден мурун алдын ала карап чыгуу керектигин айтат.

«Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бул наамга татыктуу эмес. Тез арада ажыратуу керек. «Адамдык сапаты жок» деген наам болсо Рахмонго бермекмин»,-деди Икрамов.

Белгилей кетсек, 1999-жылы Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарган.

Количество просмотров: 315