• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат: Айрым партиялар добушту электрондук капчык аркылуу сатып алууну көздөп жатат

13 Тогуздун айы 2021 12:41 Бишкек Govori.TV

Добуштарды акча менен сатууга тыюу салынгандыктан, бул шайлоодо партиялар менен талапкерлер электрондук капчык аркылуу добуштарды сатып алуусу толук мүмкүн. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирип, УКМКны көзөмөлгө алууга чакырды.

«Мамлекет башчы алдыдагы шайлоодо добуш сатуу менен күрөшөм деп жатат, биз да жардам берели. Бүгүнкү күндө добуш сатуу технологиясы дагы өзгөрүүдө. Азыр кээ бир талапкерлер, партиялар добушту электрондук капчык менен сатып алууну колдонобуз деп жатат. Аймактарда андай болбошу мүмкүн, бирок Ош менен Бишкек шаарында толук  мүмкүн. Ошондуктан БШК, УКМК шайлоо күндөрү ошол электрондук капччыктарды көзөмөлдөсөңүздөр» , — деди Бекешов.

Количество просмотров: 270