Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутатка кылмыш ишин козгоо үчүн макулдук алуу маселеси көтөрүлдү. Депутат Жанар Акаев Конституциялык соттун парламент өкүлүнө иш козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок деген мазмундагы чечимин сынга алып, ага реакция кылууга чакырды жана бул мекеменин жетекчиси кызматтан кетиши керектигин айтты.
“Кылмыш кылып жаткан учурда үстүнөн келип кармаса, маселе жок. Эми эмне кылабыз, мындан ары мал чарбачылыгынан, дыйканчылыктан башка бир нерсе сүйлөйбүзбү? Баш мыйзам бир адам үчүн эмес, система үчүн иштеши керек. Бийлик буга чейин да алмашкан, кайра-кайра алмашат, бирок Баш мыйзам калышы керек да. Аны адамга тууралап иштетпешибиз керек”.