Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүлүп, абактан чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жасынова билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 10-январда Бишкектин Свердлов райондук соту чечими менен Таштанбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сыртка чыкпоо тууралуу тил катына алмаштырылган.
Аны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) «Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыптап камакка алган.
Борбордук шайлоо комиссиясы №30 Ысык-Ата округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Акбөкөн Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырган.