Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору кароо улантылды. Депутат Кенжебек Бокоев акимдер тарабынан айыл өкмөттөрүнө түз башкаруу киргизилери белгиленген ченемдер Башмыйзамга каршы келээрин айтты.