• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Депутат: Акыркы күндөрү аялдарга орой мамиле жасалып жатат

17 ноября 2022 в 17:58 Бишкек Govori.TV

Акыркы күндөрү аялдарга орой мамиле жасалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы бүгүнкү жыйында билдирди.

«Өзүңүзгө белгилүү болгондой, акыркы күндөрү аялдарга орой мамиле жасалып жатат. Менин сизге бир өтүнүчүм бар: аялдарга аяр мамиле кылууну талап кылыңыз. Мен жакшы түшүнөм, оппозиция, туура эмес маалымат берген журналисттер болушу мүмкүн. Бирок алар аял», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров мыйзам баарына бирдей экенин, аялдар да жоопкерчиликти сезиши керектигин айтты.

Теги:
Количество просмотров: 441