• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат Алтынбек Сулайманов УКМКга суракка кирди

3 Бештин айы 2019 15:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирди. Бул тууралуу 24.kg сайты жазды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирген. Билдирүүгө ылайык, ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырыла тургандыгы айтылат.

Эске салсак, Айэркен Саймаити 10-ноябрда киши колдуу болгон. Буга байланыштуу интернет айдыңында анын кыргыз чиновниктери менен болгон байланыштарын тастыктаган документтер, сүрөттөр байма бай жарыяланып келет. Бул маалыматтарда Алтынбек Сулаймановдун дагы аты аталган. Депутат аны кимдир бирөө жаман атты кылгысы келип жатканын билдирип, депутаттык комиссия түзүү сунушталып ал колдоо тапкан.

Количество просмотров: 243