Арам өлгөн малдын эти сатылып жаткан фактылар аныкталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда депутат Сүйүн Өмүрзаков билдирди.
«Базардагы эттин бир бөлүгү арам экендиги айтылууда. Аны көбүнчө колбаса жасоого алышат экен. Арам малдын эти жугуштуу оорулардын жайылышын көбөйтүп, элдин саламаттыгына терс таасирин тийгизет», — деди Өмүрзаков.
Өмүрзаков мамлекеттик органдарды бул жаатта көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.