• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Ашимова: Зомбулукка каршы мыйзамдар иштебей жатат

6 Аяк оона 2022 14:21 Бишкек Govori.TV

Зомбулукка каршы мыйзамдар иштебей жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова билдирди.

«Зордук-зомбулукка байланыштуу коомдогу кайгылуу көрүнүштөр система иштебей жатканынан кабар берет. Эмне үчүн иштебейт? Себеби мыйзамдар туура эмес жазылган, иш жүзүндө аткаруу мүмкүн эмес. Мыйзамдар бири-бирине дал келбеген учурлар көп. Ал эми мамлекеттик органдардын ортосунда бул жаатта тыгыз байланыш жок. Түзүмдү өзгөртүү үчүн Кылмыш-жаза кодексине, Бузуулар жөнүндө кодекс, Балдар жөнүндө кодекстерди шайкеш келтирүү керек. Мындан сырткары, жер-жерлеге чыгуу менен аялдардардын пикирин угалы. Анын натыйжасында мыйзам кабыл алып, Министрлер кабинетин иштетиш керек. Талап кылышыбыз зарыл, ансыз зомбулук токтобойт»,-деди депутат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешме өттү. Иш-чарада аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш сунуштарды түзүү жана Кеңештин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө талкуу жүрдү.

Талкууда Жогорку Кеңештин депутат айымдары секелек  кыздардын үрөй учурган жагдайларга кабылышы коркунучтуу көрүнүш экенин билдирип, аялдардын, кыздардын жана жаш өспүрүмдөрдүн укуктары мыйзам чегинде корголушу керектигин баса белгилешти.

Статистикалык маалыматка таянсак,  жети ай ичинде 9 миңге жакын үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Көйгөйлүү маселелерди чечүү аракетинде сунуш-пикирлер айтылды.

Количество просмотров: 130