• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат ата-энелерден акча чогулткан мектептерди тизмектеди

18 Бугу 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

Депутат Эрулан Көкулов ата-энелерден акча чогулткан мектептерди атап, тизмектеп берди. Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутат оңдоого алынган сумманы алып окуучулардын санына көбөйтсө, жыл сайын жаңы мектеп курууга болорун айтып, мектептердеги акча чогултууну токтотуу керектигин билдирди.

«Ата-энелер мага кайрылышат, мен мектептерге кайрылам, алар мындай кылбайбыз деп жооп беришет, бирок кээ бир уятсыз директорлор ата-энелерди, балдарды коркутуп, акча талап кылуну уланта беришет. Мен мындан ары аларды атайын деп чечтим. Алар: Таш-Көмүр шаарындагы №1 мектеп ремонтко 500 сомдон, Оштогу Кара-Суу шаарындагы Жумаев атындагы мектеп ремонтко 200 сомдон жана турмушу жакшы ата-энелерден 2000-4000 сомдон чогултуп жатат. Ысык-Ата районундагы Гидростроитель мектеби ремонтко 500 сомдон, күзөткө 200 сомдон; Бишкектин Келечек конушундагы №87 мектеп ремонтко 200 сомдон, Токмоктогу №9 мектеп ремонт менен күзөткө 1000 сомдон, Токмоктогу №1 мектеп ремонтко 200 сомдон; Бишкектеги №29 мектеп-гимназия класстык фондго 8 миң сомдон, Эне-Сайдагы №21 мектеп ремонтко 500 сомдон, Оштогу Барпы атындагы мектеп 500 сомдон, Бишкектеги №61 мектеп ремонтко 500 сомдон, Сузактагы №29 Талап Муратов атындагы мектеп фондго 1000 сомдон, Жалал-Абад шаарындагы №7 мектеп фондго 800 сомдон чогултуп жатышат», — деди Көкүлов.

Депутат аталган мектептерге карата текшерүү жүргүзүүнү талап кылды.

Количество просмотров: 133