• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Азамат Арапбаевге тиешелүү 3 кеңсесин тоноп кетиштиби?

3 Баш оона 2018 13:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.08.2018.Govori.TV.
Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге тиешелүү 3 кеңсени белгисиз бирөөлөр тоноп кетишти. Бул тууралуу 24.kg маалымат булагы жазып чыкты.
Маалыматта, 30 июлдан-31не караган түнү белгисиз бирөөлөр 3 кеңсенин эшик, терезелерин талкалап кирип, тоношкон. Анда сейфтен 2,3 миллион сом, 70 миң доллар жана 10 миң долларлык зер буюмдар уурдалган. Бул кеңсе Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге тиешелүү деп айтылууда.
Азыркы күндө депутат Азамат Арапбаев чет өлкөдө болгондуктан окуя боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Биз Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматына байланышканыбызда аталган окуя боюнча толук маалымат берүүдөн баш тартты.
Бирок тонолгон жер Арапбаевге таандык иш кана экени жергиликтүү тургундар айтышканын белгилеп, ичинде бир нече фирмалар жайгашканын кошумчалады.
Количество просмотров: 27