• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат баңгизат жарнамасы илинген имараттын ээсин жазага тартууну сунуштады

24 Бугу 202312:03 Бишкек Govori.TV

Депутат Адахан Мадумаров баңгизаттарды жарнамалоо Бишкекте негизги көйгөйгө айланып бара жатканын айтты.

Жалпы жыйында сөз сүйлөгөн депутат Мадумаров баңгизат жарнама болбогон көчө калган жок., үйлөргө, дарбазаларга, тосмолого чейин илинүүдө.

«Ички иштер министрлиги, шаар бийлиги каякты карап жатат? Кайда барба, бардык жерде мефедрон, гашиш-машиш дареги жазылган», — деп белгиледи депутат.

Депутат маселени чечүү жолу катары илинген баңгизат жарнамасы үчүн имараттын ээсин жазага тартууну сунуштады.

Депутатка жооп берген Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул маселе боюнча башкармалык мэрия менен тынымсыз иш алып барып жатканын айтты.

Количество просмотров: 104