Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов кесиптеши Адахан Мадумаровдун дарегине айтчу сын-пикирин кагазга жазып алып окуду.
«Адахан Кимсанбаевич, биз сизди жашыңызды карап сыйлап жатабыз. Биз тарапка көп сын-пикир айтып жатасыз. Ар бир маселеге пикирибиз бар, эч кимдин ээрчимеси эмеспиз. Өткөндө бул маселеге каршы болгонбуз, долбоорду колдогонбуз. Мындан кийин акыл айтканды токтотуңуз», — деген ал.
Ал эми Адахан Мадумаров бир дагы депутаттын атын, фамилиясын атабаганын, Жогорку Кеңештин позициясын билдирип жатканын билдирген болчу.
«Шымыңарды чечип, башыңарга кийип алгыла» дегенди өзүңөргө албагыла. Эгерде бул сөздү өзүңөргө алсаңар, анда ошолордун бир тууганы болушуңар мүмкүн. Өкмөткө айткан сөзгө тызылдап кетсеңер ордуңарды алмаштыргыла да трибунага чыккыла», — деген Мадумаров.
Ал арада Бакасовдун кагазга жазылган текстти окуп Мадумаровго сын айтканы кызуу талкуу жаратты.