Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Төрөбаев Бакыт Эргешевич Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоого Төрөбаев Бакыт Эргешевичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынат.
Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт — Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турган Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.