• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутат: Батир ижарасын көтөргөндөргө мамлекет чара көрүш керек

6 Тогуздун айы 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Батирлердин ижара акысын мыйзамсыз көтөргөндөргө мамлекет тарабынан чара көрүү керек. Мындай сунушун Жогорку Кенештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков жыйын учурунда сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында ижара акысы кескин көтөрүлүүсү жарандаргы кыйын абалды жаратууда.

«Көпчүлүк кызматкерлер шаарда иштегендерине байланыштуу ижарага батир алып жашашат. Бүгүнкү күндө укук коргоо, күч органдары эмес баардык мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасы жетишпейт. Баладарын багыш керек, бала бакчага, мектепке төлөйт. 15 миң сомдук батирлер азыр 40 миңге жетти. Ошондуктан мыйзамсыз ижараны көтөргөндөргө мамлекет тарабынан чара көрүш керек да. Бул багытта тапшырма берип койсоңуздар. Бир эле Россиядан келген россиялыктар эмес, биздин жарандарыбыздын да көбү ижарада жашайт», — деди депутат.

Количество просмотров: 263