• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат Баткенде жабыркагандарга 1 млн сом жардам көрсөттү

4 Бугу 20219:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешинин депутаты Урматбек Самаев чек ара жаңжалында жабыркагандарга 1 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызстан оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Азыр бири-бирибизди колдоп, Баткен облусунун чыр-чатактан жабыркаган чек ар аймактарынын калкына жардам көрсөтүү өтө керек болуп турат”, — деди эл өкүлү.

Эске салсак, 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 183 киши жаракат алып, отуздан ашуун адам каза болду. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.

Количество просмотров: 195