• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат Баткенге 3 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөттү

30 Чын куран 202118:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Баткен облусуна 3 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 млн сом аз камсыз болгон жана жабыркаган үй-бүлөлөргө берилет, ал эми 1 млн сом өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине которулат.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болгон аймакта жашаган жарандар кыйынчылыктарга дуушар болду. “Алар биздин жардамыбызга жана колдообузга муктаж”, — деп билдирген депутат.

Количество просмотров: 239