• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Бекешев мектептерди ачуу маселесин көтөрдү

26 Жетинин айы 2020 13:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев мектептерди ачуу маселесин көтөрдү. Ал окууну стандарт режимге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

«Ата-энелер кайрылып жатышат, азыр айырма жок болуп калды деп жатышат. Онлайн окутуу таптакыр болбой жатат, бир топ нааразылыктар бар. Биз мындай бара берсек, балдарыбыз билимсиз болуп калат. Бизде карантин болбой калганын ачык эле айтыш керек да, бардык жерде массалык чогулуулар болуп жатпайбы. Жогорку окуу жайларда сабактар онлайн болсо да, контракттардын баасы ошол бойдон», — деди Бекешев.

Количество просмотров: 57