• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат: Биз парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек

4 Кулжа 2020 10:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев күзүндө боло турчу шайлоону жылдыруу же агитациянын жаңы түрүн кабыл алууну сунуштады.

Эл өкүлүнүнүн айтымында азыркы абалда аймактарды кыдырып, агитация ишин жүргүзүү кооптуу.

«Тилекке каршы коронавирус илдетинин жайылуусу токтой элек. Эгер эл кыдырып жүрүп, партиянын мүчөсү ооруну жугузуп алса аны карантинге жапканга мажбур болобуз. Ошондо ошол саясий партия бийлик бизди басындоо кылып жатат деши мүмкүн. Саясий оюндар болуп кетүү коркунучу бар. Мындан тышкары коронавирустун экинчи толкуну болушу ыктымал экенин айтышууда. Андыктан биз парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек же агитациянын жаңы форматына өткөзгөнгө мажбур болобуз», — деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 172