• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат болом дегендердин эң көбү жана азы кайсы округдарда?

31 Тогуздун айы 20259:50 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алуу аяктады.

Жалпысынан болуп 589 талапкер көрсөтүлдү (эркектер — 365, аялдар — 224).

Бүгүнкү күнгө карата 168 талапкер катталды, 19 талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тартты, 7 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

БШКнын маалыматына ылайык, талапкердин эң көбү, №27 шайлоо округунан тагыраагы 32 адам арыз берген. Ал эми эң азы №11 шайлоо округунан, тогуз адам талапкерлигин көрсөттү.

Количество просмотров: 528