• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат: «Бюджетти элдин чөнтөгүнө кол салбай толтурууга чакырам»

18 Бештин айы 202411:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-декабрда депутат Бактияр Калпаев парламент келерки жылдын республикалык бюджетин 700 миллиард сом деп бекиткенин айтып, Адылбек Касымалиевден министрлер кабинети аны ишке ашыра алабы деген суроо салды.

Депутат ошондой эле мамлекеттик бюджеттин элдин эсебинен толтурууну токтотуу керек деген пикирин белгиледи.

Бүгүнкү ЖКнын отурумунда Министрлер кабинетиндеги жетекчилердин талапкерлигин карап жатат. Министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиев, төраганын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков сунушталып жатат.

Количество просмотров: 195