Өкмөт өткөндөн сабак албай алсыздыгын көрсөтүп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы жыл сайын жазгы айдоо мезгили башталган учурда кескин көтөрүлөт.
«Чындыгында өлкөдө азык-түлүккө, күйүүчү майга болгон баа күндөн-күнгө өсүп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени бир нече ирет көтөрдүк. Өкмөт кымбатоо бизде эле эмес, башка өлкөлөрдө дагы болуп жатат деген жүйөнү айтууда. Ал эми күйүүчү майдын баасы жыл сайын жазгы айдоо мезгили башталган учурда кымбаттайт. Биз канча айтканыбыз менен өкмөт өткөндөн сабак албай алсыздыгын көрсөтүп жатат»,-деди депутат.