• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке камчы алып келди, эмнеге?

5 Бештин айы 2019 15:48 Бишкек Govori.TV

Жылаңач жүргөн аялдарды камчы менен коркутпай, биз ууруларды колдон ары чабышыбыз керек. Мындай пикирди депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аткезчилер 2020-жылы парламентке келебиз деп даярданууда.

«Аткезчилик коррупциянын бир бөлүгү. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү саясатын приоритет катары койгон. Тилекке каршы, укук коргоо органдар берилген тапшырмаларды аткара албай жатат. Аткезчилер жөнөкөй тил менен айтканда уурулар. ИИМ уюшкан кылмыштуу топ жок десе Бажы кызматы аткезчилик жок деп танып жатат. Бирок эл алардын бар экенин жакшы билет», — деди  Бекешев.

Количество просмотров: 81