• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат: Добушун саткандар мамлекеттин, балдырынын, небере- чөбөрөлөрүнүн келечегин сатып жатат

20 Бирдин айы 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев билдирди.

«Бүгүнкү күндө толугу менен баш аламандык бар экенин көрүп турабыз. Катоолор боюнча Жогорку Кеңеште депутаттар бир үйгө 1300 адам каттоого турганы тууралуу маселени көтөргөн. Ал эми укук коргоо органдары мыйзамды өзгөртүү керек деген сыяктуу шылтоолорду айтып жатышат. Тийиштүү органдардан мыйзамсыз катоолор боюнча канча иш козголгону тууралуу сурагым келип турат. Ар бир жарандын добушу, эрки маанилүү»,-деди депутат Казакбаев.

Количество просмотров: 196