Элчиликке саясий алакаларды түзүүгө дарамети жеткен адам барыш керек. Бул тууралуу депутат Алмазбек Токторов билдирди.
«Азимбек Бекназаров көп жылдан бери саясатта жүрүп тажрыйбасы мол. Эл аралык комитет анын талапкерлигин жөн жерден колдобосо керек. Маселени ар тараптуу карашыбыз керек»,-деди элөкүлү Токторов.