• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Депутат элчиликтерге которулуп жаткан акчалар тууралуу маселе көтөрдү

30 Чын куран 2020 14:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар элчиликтерге которулуп жаткан  акчалар тууралуу маселе көтөрүштү. Депутат Максат Сабиров консулдуктар менен элчиликтерге каражат бөлүнгөн же бөлүнбөгөнүн тактап сурады. 

Сабировдун айтымында, консулдуктар жана элчиликтер акча келбегенин айтып, нааразы болуп жатат.

Депутаттын суроосуна министрлик бөлүнгөн деп жооп кайтарды.

“Россия боюнча 10 миллион сом бөлүндү. Новосибирсктеги консулдук менен биздин өкүлчүлүк иштеп жатат, эгер кошумча каражат керек болсо биз бөлүп берүүгө даярбыз”, — деп жооп узатты Тышкы иштер министри.

Количество просмотров: 78