• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Эльвира Сурабалдиева жеке бизнеске ээлик кылабы?

21 Тогуздун айы 2019 17:49 Бишкек Govori.TV

Социалдак тармакта Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева мүмкүнчүлүгү чектелген коомунун (ОсОО) түзүүчүсү экендиги айтылган маалыматтар тараган. Анда ЖК депутаты болуп туруп бизнес менен алектенип жатат деген пикирлер айтылган эле.

Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева является учредителем ОсОО, что противоречит 5 статье закона о Деятельности депутата не…

Опубликовано Умай Арыковой Понедельник, 21 октября 2019 г.

Ал эми бул туурасында эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева Govori.TVга айткан билдирүүсүндө бул мекеме чынында эле катталган, бирок 2009-жылы бир нече ай иштеп эле жабылган. Ал эми юстиция министрлигинин сайтында жабылганы тууралуу маалымат жазылбай калганы ага да таң калычтуу болуп жатканын айтты.

«Менде расмий түрдө салык кызматынын маалыматы бар. Ал мекеме иштеп жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул жагдай мага да кызык болуп жатат. Ал эми расмий маалыматтар боюнча бул ишкана 10 жыл мурун жабылган. Эгер салык кызматы менен социалдык фонддо 2009-жылы жабылды деген маалымат турса, юстиция министрлигин маалыматында дагы да иштеп жатат дегенге түшүнбөй жатам. Бул жерде бир гана нерсени айтса болот, жогорудагы аталган мекемелердин ортосунда синхрондоштуруу процесси жакшы жүрбөй жатканын айта алам», — деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 216