• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутат Икрамов: Эки жүздүү адамдар турасыңар. Семизиңер бар, кыйшыгыңар бар

14 Бугу 2020 15:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов («Өнүгүү-Прогресс») кесиптештерине кайрылуу жасап, сабырдуу болууга чакырды.

Бүгүнкү отурумда шайлоо боюнча мыйзам долбоор талкууга алынып, депутаттар ортосунда кайым айтышуу болду.

«Урматтуу депутаттар, бүгүн жок жерден көп маселе көтөрүлүп жатат. Грамота, саат боюнча… Ар бир комитет, ошол жердеги депутаттар өздөрүңүздөр сунуш бергенсиздер. Бардыгын өзүңүздөр колдоп жатасыздар. Бул жерге алып чыккан ар бир маселени добуш койдурганга депутаттын укугу бар. Бул жерде ызы-чуу кылып жатасыздар. Сөздөн адашып калса же башка болсо ошону сурап… Идеальный эч кимиңер жок, баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Камерага карап жакшы сүйлөйсүңөр. Кылган нерсеңер кудай көргүс… Эки жүздүү адамдар турасыңар. Семизиңер бар, кыйшыгыңар бар. Эч кимге эч нерсе дей элекпиз. Ошондуктан өзүңөрдү кармасаңар, же бирөөңөрдү семиз, кыйшыксыңар деп жатабызбы? Ошондуктан өзүңөрдүн сыйыңарды билгиле, жакшынакай болгула», — деди Икрамов.

Количество просмотров: 857