• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Иса Өмүркуловго операция жасалды

29 Теке 202114:41 Бишкек Govori.TV

 Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловго Түркияда операция жасалды. Бул тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, Өмүркуловдун боору ооруп жүргөн. Операция 25-июлда жасалган.

Эске салсак, Өмүркулов июнь айынын башында чет өлкөгө учуп кеткен. Ал Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидеринин ыйгарым укуктарын депутат Өмүрбек Бакировго тапшырган.

Количество просмотров: 7312