• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат көчмөндөр оюндарына аттардын ижарага алынуусун сындап чыкты

28 Аяк оона 2022 10:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев көчмөндөр оюндарына аттардын ижарага алынуусун сындап чыкты.

«Түркияда Дүйнөлүк көчмөндө оюну башталганы жатат. Кыргыздар үчүн улак тартыш бул өтө маанилүү. Бирок ошол оюнга биздин аттар барбай калыптыр. Улакта 70-80 пайыз ролду ат ойнойт. Ал эми Казакстан алып барат экен. Биз ойногон оюнду дүйнө көрөт. Түркиядан ат алышат экен. Алар учак таап берүүнү суранып жатышат. Бизге намыс керек, чечип бергиле»,- деди ал.

Буга чейин Маданият министрлиги Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрү үчүн аттарды ижарага аларын билдиришкен.

Количество просмотров: 86