• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат: Күйүүчү майдын наркын жаңы жылга чейин жогорулатпоо жолдору бар

9 Аяк оона 2021 10:25 Бишкек Govori.TV

Бензин баасынын жогорулашын токтотуу үчүн чукул чара көрүп, негизги булак болгон Россиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

“Алына турган алдыдагы 50 миң тонна нефть продукцияларынын чийки затын бензинге айырбаштоо жагын караштырып көрсө, күйүүчү майдын баасын жок дегенде жаңы жылга чейин кымбаттатпай кармап турууга болот. Антпегенде, 2 – 3 сомго өсүп кетүү ыктымалдуулугу бар. Себеби, бул — Россиянын бажы алымдарын киргизип жаткандыгына байланыштуу»,-деп билдирген депутат.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзу сентябрь айынан тартып өлкөнүн нефтетрейдерлери Орусиядан күйүүчү майды пошлина менен ала баштаганын билдирген. Орусиялык заводдордон күйүүчү май ташып келүүгө экспорттук бажы алымы колдонулат — бир тоннага 19,3 доллар. Күйүүчү майды ташып келүүдөгү бажы алымынан улам бензин 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн экени айтылган.

Количество просмотров: 64