• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Депутат көк бөрү боюнча облустук командаларды жоюуну сунуштады

5 Аяк оона 2023 13:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов көк бөрү оюнуна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, Маданият министрлигине, «Көк бөрү» Эл аралык ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушевге жана «Көк бөрү» федерациясынын президенти Талас Бегалиевге кайрылды.

Ал Оштогу көк бөрү оюнунан кийин болгон тополоң көк бөрүгө заман талабына ылайык жаңы жүз берүү керектигин көрсөткөнүн белгилеген.

Ал мындан ары облустук командаларды түп тамырынан жоюп, клубдук командаларды түзүүнү сунуштап жатат. Клубдук команданын мүчөлөрү ар бир региондон тандалат. Эл өкүлү мындай өзгөрүү элдин аймак аралык бөлүнүүсүн алдын аларын айткан.

Количество просмотров: 93