• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Икрамов: Жалган маалыматты ЖМКлар эмес фейктер таратып жатпайбы…

30 Үчтүн айы 2024 12:28 Бишкек Govori.TV

Жалган маалыматты ЖМКлар эмес фейктер таратып жатпайбы. Мындай пикирин бүгүн, 30-январда депутат Тазабек Икрамов билдирди.

«Мен билгенден расмий ачылган сайттар жалган маалымат тараткан учурда жоопко тартылып эле келет. Ал эми бүгүнкү күндүн тили менен айтканда фейктер чындыкка дал келбеген маалымат таратып жатпайбы. Социалдык тармактарга өзүнүн толук аты-жөнү жок адамдар. Биз биринчи ушул жагын ирээтке келтирип албайлыбы? Каттоо маселеси кабыл алынсын, бирок катуу чаралар жазылган экен. Ага шашпасак… Анткени сөз эркиндигине доо кетирип, эртең эч ким сүйлөй албай калгандай болуп калбасын», — деди Икрамов.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 30-январдагы отурумунда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Мыйзам долбоору буга чейин эки комитетте да каралбай, күн тартибинен алынган. 16-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Улугбек Ормонов талкууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен ички иштер министри келип, суроолорго жооп бериши керектигин билдирген.

15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Айбек Осмонов документте талаштуу беренелер көп деген негизде аны кайра иштеп чыгууну сунуштап, ал колдоо тапкан.

Документ парламенттин алты комитетине киргизилген.

Количество просмотров: 107